1. Биз келечекке карыздарбыз.( Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү кайсы жакта,санда турат?) А) 1-жак, жекелик сан Б) 2-жак, көптүк сан В) 1-жак, көптүк сан Г) 3-жак, көптүк сан
2. Тоолор менен токойлор жашыл көйнөк кийишет. (Сүйлөмдөгү ээлик милдетти аткарган сөздү белгилегиле) А) Тоолор менен токойлор Б) көйнөк В) жашыл көйнөк Г) токойлор
3. Оозуна алы жетпегендер үйдөн-үйгө кирип, бүгүнкү жаңылык тууралуу айтып жатышты. (Сүйлөмдөгү толуктоочтук милдетти аткарган сөздү белгилегиле) А) Оозуна алы жетпегендер Б) үйдөн-үйгө кирип В) бүгүнкү жаңылык Г) жаңылык тууралуу
4. Анын өчпөс элеси мага шооласын төгүп, маңдайымда ар дайым Чолпондой балбылдап турат. (Сүйлөмдөгү аныктоочторду белгилегиле) А) Анын Б) Чолпондой, анын В) шооласы, ар дайым Г) Өчпөс, анын
5. Ашы бар казан сүйкүмдүү, досу бар адам күйүмдүү. (Сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүзгүлө)
6. Кылымдардан бери жашап келген эл, кылым карыткан тил, эч качан жоголбойт деген ойдомун. (Сүйлөмдөгү аныкталгычтар кайсылар?) А) Кылымдардан бери жашап келген, кылым карыткан Б) эч качан жоголбойт В) эл, тил Г) кылым карыткан тил
7. Кылымдардан бери жашап келген эл, кылым карыткан тил, эч качан жоголбойт деген ойдомун. (Сүйлөмдөгү атоочтук түрмөктөр кайсылар?) А) Кылымдардан бери жашап келген, кылым карыткан Б) эч качан жоголбойт В) эл, тил Г) кылым карыткан тил
8. Биз ошол күнү өтө жакшы иштедик. (Сүйлөмдөгү бышыктоочторду тапкыла) А) ошол күнү Б) өтө жакшы В) ошол күнү, өтө жакшы Г) Биз, иштедик, ошол күнү
9. Жашынан адептүү өскөн адам абийирин карыганча сактай алат. (Сүйлөмдөгү тике толуктоочту тапкыла) А) адептүү Б) Жашынан В) Жашынан адептүү өскөн Г) абийирин
10. Апасы Зууранын оорун колдон, жеңилин жерден алуу үчүн кой артынан түшкөн. (Белгиленген сөздүн синтаксистик милдетин аныктагыла) А) аныктооч Б) бышыктооч В) толуктооч Г) баяндооч
11. Ошол күнү Танабай жайыттан кеч кайтып, кеч жаткан. (Сүйлөмдөгү мезгил бышыктоочту тапкыла) А) Ошол күнү Б) жайыттан В) кеч Г) кеч кайткан
12. Бузулуп кетер санаа бар, артымда калар бала бар. (Сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүзгүлө)
Ответ:
Объяснение:
Сабактын темасы: Кыргыз лексикасынын активдүү жана пассивдүү сөз катмарлары Бир тилдеги бардык сөздөр ошол тилдин лексикасын түзөт. Ал эми сөздөрдүн составы бир калыпта турбастан ар дайым жаңыруу, эскирүү процессинде болуп турат. Тил- бул закон ченемдүү нерсе; тил — коомдук көрүнүш, коомдогу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында тилдин лексикалык байлыгы да өзгөрүүгө учурайт. Адамдардын турмуштиричилигинде жаңы пайда болгон түшүнүктөрдү, нерселерди атоо үчүн тилдин лексикасы жаңы сөздөр менен тынымсыз толукталып отурат. Ал эми эскирген түшүнүктөргө, көрүнүштөргө, көз караштарга байланыштуу сөздөр тилдин сөздүк составынан чыгып, ордун жаңы сөздөргө бошотуп берет. Ушуга байланыштуу кыргыз тилинде эскирген жана жаңы лексика бар.
Сабактын темасы: Кыргыз лексикасынын активдүү жана пассивдүү сөз катмарлары
Бир тилдеги бардык сөздөр ошол тилдин лексикасын түзөт. Ал эми
сөздөрдүн составы бир калыпта турбастан ар дайым жаңыруу, эскирүү
процессинде болуп турат. Тил- бул закон ченемдүү нерсе; тил —
коомдук көрүнүш, коомдогу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында тилдин
лексикалык байлыгы да өзгөрүүгө учурайт. Адамдардын турмуштиричилигинде жаңы пайда болгон түшүнүктөрдү, нерселерди атоо
үчүн тилдин лексикасы жаңы сөздөр менен тынымсыз толукталып
отурат. Ал эми эскирген түшүнүктөргө, көрүнүштөргө, көз караштарга
байланыштуу сөздөр тилдин сөздүк составынан чыгып, ордун жаңы
сөздөргө бошотуп берет. Ушуга байланыштуу кыргыз тилинде
эскирген жана жаңы лексика бар.Лексикалык курамдагы тигил же бул сөздүн колдонуудан чыгып
калуу себептери бардык учурда бирдей эмес. Эскирген сөздөрдүн
колдонуудан чыгуусу да ар түрдүү. Кээ бир сөздөр белгилүү бир
мезгилге чейин активдүү колдонулуп келип, учурда речибизден
таптакыр чыгып калышы мүмкүн, ал эми экинчи бирлери тилдин
активдүү запасынан чыккан менен али элдин эсинде сакталып, өткөн
доордун көрсөткүчү катарында кездешет.
Демек, эскирген сөздөрдүн катары бирдей эмес, ошондуктан
мындай сөздөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгүнө, мүнөзүнө карай
негизинен историзмдер, архаизмдер деп эки топко бөлөбүз.
Ал эми тилдин лексикасында жаңы пайда болгон сөздөр
неологизмдер болот.